• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Туризм департаменти: Кыргызстанда туристтик бизнестин 60% көмүскөдө

Экономика 0

Бишкек, 25. 12.18. /Кабар/. Кыргызстанда туристтик бизнестин 60 пайызы көмүскөдө жатат, ошол себептен өлкөнүн бюджетине аз каражат түшүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын пикиринде, туризм тармагын өнүктүрүүдө көптөгөн бут тосуулар жана чоң коррупциялык көйгөйлөр бар.

Мамлекеттик чек-ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанга 5,8 млн. адам кирген, алардын ичинен бир бөлүгү соодагерлер, мигранттар болсо, 2 млн жакыны чет элдик туристтер

– Мисалга алсак, ар бир келген турист бул жактан 500 долларга жакын каражат коротот. Эгер болжол менен ошол келген 2 млн. турист 500 доллардан калтырса, канча деген каражат түшмөк. Бирок, биз болгону 85 млн. сом салык чогулттук. Эгер туризм чөйрөсүндөгү ишмерлер бизнесин көмүскөдөн чыгарып, салыктарды толук төлөсө, бюджетке далай акча түшмөк. Бирок ишкерлер өз кирешелерин жашырып келишет, аларга салык инспекторлор жардам берүүдө, – дейт Максат Дамир уулу.

Пикир

Оставить комментарий