• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байсалов: Быйылкы жылы бюджетке 308 млрд сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик (консолидацияланган) бюджети 2021-жылы 308 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү мүмкүн болчу, бирок көп каражат коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп келген.

“Биздин негизги максат – мамлекеттик бюджетти эки эсеге көбөйтүү. Муну мурда деле жасаса болмок. Бирок мурда бюджетке түшүшү керек болгон каражаттар чөнтөккө түшүп келген. Салыктан, бажыдан, ар кайсы аймактардан. Ошондуктан бүгүнкү күндө бюджет көбөйтүлдү. Быйыл 308 миллиард сом чогулта алдык. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымдагандай, келерки жылы бюджетти 400 миллиард сомго чейин көбөйтүүнү максат кылып жатабыз. Көптөгөн көйгөйлөргө карабастан президент мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, - деди Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий