• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катуу сууктан улам Бишкектеги жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу шаардын билим берүү мекемелеринде окуу процессин токтотту. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 25-январындагы “КРнын билим берүү мекемелериндеги окутуу-тарбиялоо процессин токтотуу жөнүндө” №81/1 буйругунун, Бишкек шаардык СЭКМБнын 23.01.2018 №09-48 жана 25.01.2018 №09-59 санитардык эскертүүлөрүнүн негизинде токтотулду.

Балдардын саламаттыгын сактоо, ошондой эле КР ӨКМдин абанын температурасынын кескин суукташынын күтүлүшүнө байланыштуу расмий эскертүүсүн эске алуу менен 2018-жылдын 25-январында №30 “Билим берүү мекемелериндеги окутуу-тарбиялоо процессин 26нан 30-январга чейин токтотуу жөнүндө” буйрук чыккан.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жылуулук режимин сактоо көзөмөлдөнүүдө. Абанын температурасы белгиленген нормадан төмөн болгон бала бакчалар 30-январга чейин жабылды (Биринчи май райондук №5 МББМ), ал эми ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий