• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казак улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде кыргыз тили курсу ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. 2021-жылы 21-апрелде Аль-Фараби атындагы КазУУнун Чыгыш таануу факультетинде кыргыз тили курсунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Алисбек Алымкулов, факультеттин деканы Ыхтияр Молдатореулы Палторе, Башкы консулдуктун кызматкерлери жана факультеттин окутуучулар жамааты катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тили курсунун ачылышына арналган иш-чараны Чыгыш таануу факультетинин деканы Ыхтияр Молдатореулы Палторе ачып, Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Алисбек Толбашиевич Алымкуловго кыргыз тили курсун акысыз уюштурууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, курстун ачылышы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу А.Алымкулов өз сөзүндө Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде кыргыз тили курсунун ачылышы эки элдин билим берүү, илим жана маданият жаатындагы достук мамилелерине мындан ары дагы жогору деңгээлде өнүгүүсүнө жол берет деп белгиледи. Тил үйрөнүү эки мамлекеттин ортосундагы илимий жана маданий байланыштарды тереңдетип, эки өлкөнүн жаш муундары азыркы өнүгүүсүндө бири-бири менен көбүрөөк таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Башкы консул өз сөзүндө Кыргызстан менен Казакстандын бир тарыхый өткөндүгү бар экендигин жана тарыхый салттарга жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-казак мамилелери мындан ары дагы бир тууган эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн чыңдалып жана өнүгө берерин белгиледи.

Ошондой эле, кыргыз тили курсунун ачылышында факультеттин окутуучулар жамааты сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына жана курстун угуучуларына ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий