• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакбаев индиялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды

Экономика 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында «Индия-Борбордук Азия» (Нью-Дели) Диалогунун алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын «THDC India Limited», «Rail Vikas Nigam Limited», БРИКС Соода-өнөр жай палатасы, «Power Engineering Pvt Ltd», «Generation Next Group» ж.б. мамлекеттик жана жеке компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда министр өлкө жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду, ошондой эле Кыргызстанга инвестициялоонун бир катар артыкчылыктары тууралуу айтып, муну менен индиялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды. Бул контекстте жеңилдетилген салык режимдери, Кыргызстандын ДСУга жана ЕАЭБге мүчөлүгү ж.б. белгиленди. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен (январь-сентябрь) Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүү 39,5 млн долларды, Индиядан келген инвестиция 687 миң долларды түздү.

Тараптар ошондой эле гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо жана транспорт-коммуникация тармагындагы конкреттүү долбоорлорго өзгөчө басым жасоо менен экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн потенциалын талкуулашты. Анын алкагында КР президенти С.Жапаровдун Индияга боло турган иш сапарынын алкагында бизнес-форум өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Тараптар ошондой эле аталган компаниялардын өкүлдөрү кыргыз-индия бизнес-форумун уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катыша тургандыгы тууралуу макулдашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз бизнес байланыштарды түзүү боюнча иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Пикир

Оставить комментарий