• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

8-июндан тарта Казакстанга кирүүдө ПЧР-тестти талап кылуу эрежеси жокко чыгарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. 8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет элдиктер үчүн эмдөө жана ПЧР-тесттин болушун ырастоо талаптары жокко чыгарылат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин расмий сайтында маалымдалат.

Чечим премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжановдун төрагалыгы алдында Казакстанда коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиясы төмөнкү талаптарды жокко чыгаруу чечимин кабыл алды:

1.үстүбүздөгү жылдын 8-июнунан тартып Казакстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн COVID-19га каршы эмдөө же ревакцинациялоонун документалдык далилин (паспорт/күбөлүк/ COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк), ал эми алар жок болгон учурда Казакстандын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө COVID-19га ПЧР-тесттин терс натыйжасы бар жыйынтыгын милдеттүү түрдө көрсөтүү талабын;

2. республиканын 7 облусунда Казакстандын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда 12 убактылуу жабылган унаа өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө тыюу салууну.

Пикир

Оставить комментарий