• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан дүйнө коомчулугуна антитеррористтик операциялардын кодексин сунуштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26-июнь /Кабар/. Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өлкө БУУ менен биргеликте бүткүл дүйнө коомчулугуна багытталган антитеррористтик кодекстин Астана долбоорун даярдап жатканын билдирди.

«Өлкө башчы Нурсултан Назарбаев БУУнун кароосуна алып чыккан бир канча демилге бар. Алар эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөштө жалпы дүйнө коомчулугунун аракетин бириктирүүгө багытталган. Учурда БУУнун эксперттери казакстандык делегация менен биргеликте антитеррористтик кодекстин үстүнөн иштеп жатышат. Ал алгач БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө тааныштырылат», - деп билдирди Кайрат Абдрахманов.

Антитеррористтик операциялардын Астана кодексинде терроризмге каршы операциялар маалында бардык өлкөлөр жалпы позицияны карманышы керек деген пункт болот деп болжолдонууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий