• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан: Дарига Назарбаева парламент Сенатынын төрайымы болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.19./Кабар/. Дарига Назарбаева Казакстандын парламент Сенатынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу бир катар казак ММКлары жазып чыгышты.

Добуш берүү жабык түрдө болуп, Назарбаеванын талапкерлиги үчүн залда отурган 44 депутаттын бардыгы "макул" добуш беришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин ал Сенаттын депутаты болчу.

Дарига Назарбаева Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы .

Эске салсак, Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-мартта өз эрки менен отставкага кеткен. Ал эми Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Ал бүгүн Назарбаевдин катышуусунда Казакстандын президенти катары расмий түрдө ант берди.

Пикир

Оставить комментарий