• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан көркөм гимнастикада Азия чемпиону болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Жакартада көркөм гимнастика боюнча казак командасы Азия оюндарында алтын медаль утту. Экинчи орунду өзбек спортчулары, коло медалды Түштүк Кореянын курамасы багындырды.

Учурда Казакстандын эсебинде 7 алтын, 8 күмүш, 38 коло медаль бар. Бул жыйынтык менен казак спортчулары жалпы командалык эсепте 11инчи орундан 10унчу орунга көтөрүлдү.

Казакстанга биринчи алтын медалды фехтования боюнча чебер Дмитрий Алексанин алып келген. Велосипедчи Алексей Луценко эки жолу чемпион болгон. 25-августта жиу-житсу боюнча мелдеште казак атлеттери Дархан Нортаев менен Руслан Исраилов алтын медаль тагынышкан. 27-августта каратэ чебери Гузалия Гафурова да биринчиликти багындырды.

Пикир

Оставить комментарий