• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда азык-түлүктүн кымбатташынын себептери текшерилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Тажикстандын Монополияга каршы кызматы өлкөдө азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашынын себептерин анализдеп чыкты. Өткөн жылы жазында Улуттук коопсуздук кызматы азык-түлүк 20 пайызга кымбаттагандыгы тууралуу Статистика комитетинин маалыматына таянып, баалардын жогорулашынын себептерин аныктоо өтүнүчү менен мекемеге кайрылган.

Монополияга каршы кызмат кайрылууга жооп кылып, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында азык-түлүккө болгон бааларды жасалма көтөрүү фактысы аныкталбаганын билдирди.

Мекеменин кызматкерлери баалардын жогорулашына бир канча фактор, анын ичинде товарларды өндүрүү үчүн сырттан алынып келинген сырьелордун кымбатташы таасир эткенин билдиришти. «Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга жогорулап кеткен», — деди мекеме кызматкери.

Пикир

Оставить комментарий