• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан ӨКМи: Жер титирөөдөн кийин Алматы облусундагы 19 объектиде жаракалар аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин Алматы облусундагы 19 объектинин имаратында жаракалар аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жер силкинүүдөн кийин ыкчам штабдарда уюшулган телефон номуруна жарандардан 800дөн ашык чалуу болгон.

Күн мурун жер титирөөнүн кесепеттери жөнүндө айткан Казакстандын билим берүү министри Саясат Нурбек Казак Улуттук университетинин жатаканасында жаракалар пайда болгонун айткан.

Күн мурун Алматы шаардык акимчилиги жер силкинүүдөн кийин калаадагы ооруканаларга дээрлик 70 киши медициналык жардам сурап кайрылганын билдирген.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинип, алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 баллга жеткен.

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле жер титирөө Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий