• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбе ирандык оппозиционерлерди кабыл алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Тегеранды тажик оппозициячыларын колдоого айыптаган расмий Душанбе өткөн аптата Ирандын азыркы режимине каршы чыккан бир нече кишини кабыл алды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда өткөн эл аралык симпозиумга келген ирандыктар учурда АКШ, Франция, Италия жана Австралияда жашашат. Алардын көбүнө Иранга кирүүгө тыюу салынган.

Конференциянын жүрүшүндө иран коноктору Тажикстан президентинин жүргүзүп жаткан саясатын жогору баалашканы айтылууда. Чет өлкөдө жашаган тажикстандыктар тескерисинче, Душанбенин иш-аракеттерин кескин сындап келет.

Эксперттердин пикиринде, расмий Душанбе өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясатты кубаттагандар арбын экенин көрсөтүү үчүн иран качкындарын чакырган.

Сонку мезгилде Тажикстан менен Иран түрдүү маселелер боюнча араздашып жүрөт.

2015-жылы болсо Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабиринин Тегерандагы эл аралык жыйынга чакырылышы эки өлкөнүн алакасын ого бетер начарлаткан. Мындан көп өтпөй расмий Душанбе иран товарларын алып кирүүгө чектөө киргизген, ирандык бир катар чакан жана орто фирмалар жабылган.

Пикир

Оставить комментарий