• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.10.18 /Кабар/. Казакстан Республикасы Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды (КММ) экспорт кылат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев өкмөт жыйынынан кийин журналисттердин суроолору жооб берип жатып кабарлаган, - деп билдирет “Казинформ” агенттиги.

“Бүгүнкү күндө тиешелүү документтер даярдалып, Кыргызстанга жиберилген. Ушул жумада менин орун басарым же департаменттин жетекчиси барып келет”, - деп билдирди Канат Бозумбаев.

Энергетика министри айтып өткөндөй, КММ маселеси 2-3 жуманын ичинде чечилет.

“Биз Кыргызстанга бензинди партиясы менен 10 миң тоннадан базар баасында жиберип турабыз”, - деп ишендирди Бозумбаев.

Министр келе жаткан жайда бензиндин баасы 200 теңгеге чейин көтөрүлөт деген кептерди четке какты.

“Ал мүмкүн эмес. Жылдын башында бензиндин баасы 160-165 теңгенин тегерегинде болгон. Бүгүнкү күндө АИ – 92 КММ баасы аймактарда 150-155 теңгени түзүүдө, тактап айтканда күйүүчү-майлоочу майдын бир литри 10 теңгеге арзандаган. Үч нефть чыгаруучу завод жаңыланып, бүгүнкү күндө өлкөдө бензин ашыкча иштелип чыгарылууда. Эгер биз бензинди экспорт кылсак, жөнөтүүнү бир нече бөлүккө бөлүп, квоталарды орнотобуз”, - деди Канат Бозумбаев.

Пикир

Оставить комментарий