• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан Кыргызстанга карата эттер боюнча чектөөнү алып салды

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Казакстандын Айыл чарба министрлиги буга чейин Кыргызстандын ишканаларынан эт алып кирүүгө киргизген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда коңшу өлкөнүн ветеринардык көзөмөл жана тескөө комитети аталган чечимди 17-октябрда кыргызстандык ишканаларга (“Риха” ЖЧКсы, “Кантнанзаводу” ЖАК, “Баркад” ЖЧКсы, “Салих” ЖЧКсы, “Адал-Азык” ЖЧКсы) карата кабыл алган.

“Мамлекеттик ветеринардык инспекция казак тарапка Кыргызстандагы эпизоотикалык абал тууралуу маалымат берди. Анын негизинде Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл жана тескөө комитети жогоруда айтылган убактылуу чектөөнү алып салган”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Маалымдалгандай, Кыргызстандагы эпизоотикалык абал учурда жакшы.

Пикир

Оставить комментарий