• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков КРнын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Мамлекетибиздеги жардамга жана колдоого муктаж адамдарга камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана боорукерликти талап кылат. Сиздердин жылуу мамиле, кайрымдуу эмгегиңиздер коомубуздагы көптөгөн адамдарга — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, майыптардын жана кары-картаңдардын демине дем кошуп, келечекке ишенимин арттырып турат.

Эгемендүү мамлекетибиз калкыбыздын турмушун жакшыртууга багытталган максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн көп күч-аракет жумшап жатат. Мындан ары дагы социалдык мамлекет куруу багытынан жазбайт.

Мындай жооптуу иште учурунда көптөгөн жакшы саамалыктарды калыптандырган профсоюз уюмдары дагы мезгил менен кошо жаңыланып, мамлекеттин жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү өнөктөшү катары өлкөбүздүн жалпы эмгекчилеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын татыктуу коргойт деп ишенем.

Быйылкы кесиптик майрамыңыздар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 25 жылдык мааракесине дал келип олтурат. Чейрек кылым калыптанган Социалдык фонд элибиздин турмушун жакшыртууга өз салымын кошуп, коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууда милдетин татыктуу өтөөгө тийиш.

Сиздердин түйшүктүү ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий