• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасын талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 29.06.21./Кабар/. Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Өлкө лидерлери күн тартибинде турган чек ара тилкелериндеги коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык жана региондук, эл аралык уюмдардын алкагында тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелер талкууланды.

Президент Эмомали Рахмон Тажикстан менен Кыргызстан эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте БУУ, ЖККУ, ШКУ, ЕККУ жана КМШ алкагында активдүү кызматташып жатканын белгиледи.

Ал эки тараптуу мамилелердеги башкы маселе, албетте, мамлекеттик чек ара тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо менен байланыштуу экенине басым жасады.

«Бул маселенин көп жылдан бери токтоп тургандыгы эки тарапты тең тез арада өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу зарылдыгына ынандырат» — деп айтты Эмомали Рахмон.

Анын айтымында, чек арадагы акыркы окуя тараптардын чек ара маселелерин трансулуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен сүйлөшүүлөр жолу менен гана ырааттуу чечиши керектигин ачык көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен болгон өз ара мамилелерди жогору баалаарын белгиледи.

«Биз ар дайым кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү, өз ара пайдалуу көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди жана тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын узак мөөнөттүү приоритеттерине дал келерин билдирип келдик. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди тезинен макулдашып чечүү жана тийиштүү келишимге кол коюу кызматташуунун жаңы багыттарын ачарына, эки тараптуу кызматташуунун бүткүл комлексин активдештирүүгө өбөлгө болооруна басым жасады.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорунун элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн бир туугандык мамилелер жөнүндө макулдашууларды, ошондой эле Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы кызматташтык планын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу маанилүү экенине көңүл бурду.

Тараптар бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий