• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги 2023-2024-жылдарга 99,5 тонна жайыт үрөнүн сатып алды

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти 2023-2024-жылдарга Россияда өндүрүлгөн 99 тонна 500 кг жайыт үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында департаменттин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, анын 94 тонна 490 килограммы жайыттарга себүү жана 5 тонна 10 килограммы жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

"Бүгүнкү күндө бардык үрөндөр айыл аймактарга таркатылып берилип, 10 миң гектар кунарсыз жайыттарга себилди”, - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, аталган үрөндөрдү сатып алууга республикалык бюджеттен 30 млн 379 миң 759 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий