• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан менен чек арада жүк унаалары азайды. Бош унааларды текшерүүсүз өткөрүүдө – КР МЧК

Коом 0

Бишкек, 08.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында жүк унааларынын саны Казакстан бош унааларды текшерүүсүз өткөрө баштаганына байланыштуу азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Ак-Жол” жана “Чалдывар” көзөмөл-өткөрмө жайында унаалар жана адамдар топтолгон жок. “Ак-Тилек” жана “Чоң Капкан” өткөрмө пункттарында 70тен жүк унаалары турат.

“Өткөн жумаларда унаалардын саны кыйла азайды. Бүгүнкү күндө казак тарап саатына 7ден унаа өткөрүүдө. Мурда 10-октябрга чейин өткөрмө пункттарында унаалар 5 мүнөттөн ашык кармалчу эмес”,- деп белгилешти КР МЧК.

Ведомстводон чек арадан кезектердин кыскарышын унаалардын көпчүлүгү бош болгондуктан, эки өлкөнүн премьер-министрлеринин макулдашуусуна ылайык текшерүүсүз өткөрүп жатышканына байланыштуу экенин айтышты. Мындан тышкары, ишкерлер Казакстан аркылуу жүктөрүн өткөрбөй калышканы, башка жолдорду издеп жатышканы тууралуу айтылууда.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Буга байланыштуу көзөмөл-өткөрмө пункттарында унаалардын бир нече чакырымдык тыгыны жана жүздөгөн адамдардын кезеги пайда болгон.

Пикир

Оставить комментарий