• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан пневмония учурлары көбөйгөнүн карантин чараларынын жумшарганы менен байланыштырбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Багдат Кожахметов сутка ичинде вирустук пневмония учуру жума башынан бери 16 эсеге көбөйгөнүнүн себебин түшүндүрдү.

«Жарандардын көбү дем алыш күндөрү оорунун белгилерди пайда болсо да медициналык мекемелерге кайрылышпайт. Анын үстүнө ишемби-жекшемби күндөрү бейтапканалар жабык. Ошондуктан дүйшөмбү-шейшемби күндөрү кишилер көп келет», – деди Багдат Кожахметов

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-августта өлкөдө 1 081 киши вирустук пневмонияга чалдыкканын билдирген. Бир сутка мурун ушундай эле диагноз 67 кишиден аныкталган.

17-августтан тартып өлкөдө карантин чаралары жумшартыла баштаган. Казак бийлиги муну эпидемиологиялык абалдын турукташуусу менен түшүндүргөн.

Маалыматка караганда, августтун 18 күнүндө пневмониядан 231 киши өлдү. Бул убакыт аралыгына ковидге мүнөздүү пневмония 19 754 кишиден аныкталды.

Казакстан вирустук пневмониядан өлгөндөрдүн тизмесин 1-августтан бери өзүнчө жарыялап жатат. Ага чейин өлгөндөр базага кирген жок.

Марттын ортосунан бери вирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган 103 571 учур катталды. 86 миңден ашуун бейтап айыкты. Расмий түрдө өлгөн кишилердин саны 1 446ны түзөт. Бул тизмеге анализинен вирус аныкталып, бирок өлүмгө башка оорулары себеп болгон делген жүздөгөн кишилер киргизилген жок.

Пикир

Оставить комментарий