• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4578 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4578 кишиге жетти. Алардын ичинен 1518и айыгып, 30 бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 7-май күнү кечинде өлкөдө вирус жуктурган дагы 48 жаңы учур катталды. Алардын көбү баш калаа Нур-Султан шаарында аныкталган.

Казакстанда карантин режими дагы эле сакталууда. Бардык жамааттык иш-чаралар токтотулуп, мүмкүнчүлүккө жараша Интернет аркылуу белгиленүүдө.

9-майда аскердик парад да өтпөйт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкын 7-майда Жеңиш күнү менен куттуктаган.

Пикир

Оставить комментарий