• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда премьер-министрликке президенттин аппарат башчысы сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Казакстан Мажилисинин төрагасы, башкаруучу "Аманат" партиясынын башчысы Ерлан Кошанов өлкө президентине премьер-министрлик кызматка Олжас Бектеновдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысы сунушталып жаткан талапкерди мажилистеги фракциялардын лидерлери менен талкуулайт", — деп айтылат Акорданын билдирүүсүндө.

Бүгүн мажилистин жалпы жыйынында Токаевдин катышуусунда өкмөт башчынын талапкерлиги каралат. Бектеновдун талапкерлиги жактырылса, өкмөттү түзүү иштери башталат.

Күн мурун Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган - премьер-министрдин милдетин аткаруу убактылуу түрө вице-премьер-министр Роман Склярга жүктөлгөн.

43 жаштагы Олжас Бектенов өткөн жылдын апрелинен бери президенттик аппаратты жетектеп келген. Ага чейин ал Казакстандын Коррупцияга каршы агенттигинин төрагасы болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий