• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда толук эмдөөдөн өткөндөр 4 млн кишиден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 млн 531 миңден ашык киши – өкөнүн калкынын 29,1%ы алды, 4 млн 49 адам вакцинанын эки компонентин тең алды, деп жазат Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Vlast.kz порталы.

Өткөн суткада Казакстанада бир күн мурдагыдай эле 51 миң адам эмдөө алды.

Казакстанда эмдөө кампаниясы 1-февралда башталган, бирок алгачкы айда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмүнүн кызматкерлери гана ала алышкан. Апрелдин башында вакцина башка казакстандыктарга дагы жеткиликтүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий