• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө 3,7 гектар аймактагы жапайы өскөн кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Аламүдүн районунун аймагында 2021-жылдын 2-августунан 8-августуна чейин “Кара куурай” аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте баңгизатын камтыган жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иштери жүргүзүүдө. Андан сырткары айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Район боюнча Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70тен ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБинен 60тан ашуун кызматкерлер тартылган.

Жалпысынан район боюнча 3,7 гектар аймактагы 5190 килограммдай жапайы өскөн кара куурай чабылып жок кылынды.

Мындай иш-чара 8-августка чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий