• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы шайлоо тилкелеринде 700дөн ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Аймак 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан шайлоо участокторундагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милиция кызматкерлери бөлүндү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларга шайлоо күнү жана ага чейин тейлеген аймактарында жоопкерчиликтүү кызмат өтөө керектиги айтылып, тиешелүү буйруктар жеткирилди.

Шайлоого карата атайын инструктаждар өткөрүлүп, кызматкерлерге маалымат баракчалары таратылды. Жалал-Абад облусунун аймагындагы шайлоо участокторунда жалпысынан 700дөн ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Милицияга 350дөн ашуун башка күч түзүмдөрдүн кызматкерлери, 300дөй ИИОнун ардагерлери жана 2000ден ашуун элдик кошуун көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий