• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт Жетим-Тоо кенин сатууга ниети жоктугун билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү Жетим-Тоо кенин сатууга ниети жоктугун билдирди. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов маалымдады.

Ал билдиргендей, азыркы учурда өкмөттүн дарегине Нарын облусунда жайгашкан ири темир кенин сатууга ниеттенип жатат деген айыптоолор көп айтылууда.

«Биз элдин байлыгы элге калсын деп жатабыз. Мындан ары биздин кендер аукциондордо арзан баага сатылбайт», - деди ал.

Мамытканов кошумчалагандай, ачык акционердик коом боло турган мамлекеттик компанияны түзүү пландаштырылууда. Вице-премьердин айтуусунда, кендерден түшкөн киреше өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталат.

Өз кезегинде өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев темир кени сатылып кетти деген маалымат жалган экендигин кошумчалады.

«Жетим-Тоо толугу менен мамлекеттин карамагында. Мурда кол коюлган документтердин бардыгы жокко чыгарылды. Соттук тиешелүү чечимдери бар. Кендин айланасында эч кандай суроо жараткан маселе жок», - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий