• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда COVID-19га каршы экинчи жолу толук эмдөөдөн өтүүгө уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова коронавируска каршы кайрадан толук эмдөөдөн өтүүгө уруксат берген токтомго кол койду.

Токтомдо COVID-19га каршы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тааныган вакциналар менен кайрадан эмделүүгө уруксат берилген.

Акыркы эмдөө менен эмдөөнүн кийинки толук курсунун ортосунда үч айдан кем эмес убакыт болушу шарт.

Казакстанда COVID-19га каршы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тааныган эки вакцина – VeroCell (Sinopharm) менен Сomiranty (Pfizer) бар. Мындан тышкары жергиликтүү өндүрүштөн чыккан QazVac, араб-кытай өндүрүшүнө таандык Hayat-vax жана Казакстанда өндүрүлгөн орус вакцинасы да бар. Өткөн аптада Караганды фармацевтикалык заводу "Спутник V" вакцинасын чыгарууну токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий