• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү убактылуу токтотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Казакстан коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу жазгы аскерге чакыруу өнөктүгүн токтотту. Бул тууралуу 24-мартта өлкөнүн маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Даурен Абаев Коргоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу 2019-жылы жазында аскерге чакырылган жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү жана өспүрүмдөрдү армияга чакыруу иштери убактылуу токтотулду», — деди министр.

Бирок Коргоо министрлигинин сайтында өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү уланып жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланып турат.

«Президент 2020-жылы 12-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин сайтында.

Ошол эле маалда мекеме коронавирустан улам Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп бүткөн жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 6-мартта башталган. Министрлик анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин канча өспүрүм армияга чакырылганы боюнча маалымат бере элек.

Пикир

Оставить комментарий