• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда жол кырсыгына кабылган дагы бир КР жараны каза болду – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктардын дагы бирөө каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканада автоунаанын айдоочусу КРдин жараны Ош облусунун Өзгөн районундагы Кысык-Алма айылынынын тургуну 1980-жылы туулган П.Ж. каза болгон.

Эске сала кетсек, 26-февралда Алмата-Бишкек унаа жолунун 102-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү минивен менен автобус кагылышкан.

П.Ж., аттуу жаран оор абалда ооруканага жеткирилген болчу. Унаада алты жаран болгон, учурда алардын үчөө ооруканада.

Пикир

Оставить комментарий