• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гиннестин рекорддор китебине кирген белгилүү хирург Мамбет Мамакеев колуна сертификат алды

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Гиннестин рекорддор китебине кирген кыргызстандык белгилүү хирург, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев колуна "Гиннестин рекорддор китебине" киргендигин тастыктаган сертификатты алды.

Мамакеевдин эң узакка созулган карьерасы 67 жыл 181 күндү түзөт. Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Өзүнүн эмгек жолун 1952-жылы баштаган. Ал 200гө жакын илимий иштердин автору, алардын 9у монография. 2004-жылы ага "КРнын Баатыры" деген наам ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий