• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Казакстандан 20 жаранын эвакуациялады, арасында чет өлкөлүктөр да бар

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 2022-жылдын 6-январында КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү жарандарга укуктук-консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында учурда Казакстан Республикасынын аймагынан кайтып жатышкан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иш уюштурулду.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын уюштурулган транспортто КРнын 20 жараны, алардын ичинде аялдар, балдар, ошондой эле Россиянын 20 жараны, Тажикистандын бир жана Өзбекстандын бир жараны Кыргызстанга кайтып келишти.

Казакстан Республикасында болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, Казакстандагы окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда, ошондой эле көзөмөлдөөчү-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү иши улантылат.

Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин алдын ала маалыматына ылайык, массалык тартипсиздиктерге, чыр-чатакка катышкандардын арасында, ошондой эле жабыр тарткандардын арасында КРнын жарандары катталган эмес.

Казакстан Республикасынын ТИМнин Алматы шаарындагы расмий өкүлүнүн маалыматына ылайык, «Алматы» Эл аралык аэропорту 2022-жылдын 19-январына чейин өз ишин токтотот.

Министрлик Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет.

Министрлик ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын, Казакстандын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук-укуктук жардам алуу боюнча бардык суроолору менен кайрыла алышарын эске салат.

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 555 007 626;

+996 708 52 21 37;

+996 707 989 895;

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги:

+7 (776) 124-88-33;

+7 777 4733009;

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов;

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова;

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева;

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Пикир

Оставить комментарий