• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Kazinform: Казакстанда барби куурчактай кыз төрөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Kazinform: Актауда салмагы 665 грамм жана бою 28 см Барби куурчагындай кыз төрөлгөн. Бул тууралуу «Казинформ» эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Салыштыра кетсек, эски үлгүдөгү Барби куурчактарынын бою 28-30 см болгон.

“Облустук перинаталдык борбордун неонатологдору ара төрөлгөн балдарды 1000 граммага чейин багышат. Кош бойлуулардын, төрөгөндөрдүн жана жаңы төрөлгөндөрдүн эң оор контингентибизге келип түшүшөт. Учурда мындай аз салмактуу балдардын жашап кетүүсү 50%ды түзөт. Бул дарыгерлердин жана эмчи айымдардын эмгеги деп эсептейбиз”, - деди Мангистау облустук перинаталдык борборунун жаңы төрөлгөндөрдүн терапия жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Алия Тасирова.

Кыздын апасы 37 жаштагы Айжан Саденова көптөн күткөн наристесине тынчсызданууда. Бул анын биринчи кызы. Ушул эле бөлүмдө дагы бир 720 гр 32 см төрөлгөн кыз каралууда. Перинаталдык борбордо 17-ноябрь Эл аралык ара төрөлгөн балдардын күнүндө акция өткөрүп, бул жерде ушундай аз салмакта төрөлгөн балдарды чакыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий