• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Келерки айдан тарта Казакстан чек арасын толугу менен жабууга ниеттенүүдө – Сурабалдиева

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Келерки айдан тарта Казакстан чек арасын толугу менен жабууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Жыйында депутаттар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өкмөт чектөө киргизеби деген суроо узатышты.

Ал, Казакстандан тышкары Россияда да аба каттамдарга чектөө киргизүүгө ниеттенгенин айтып, Европа чек арасын жабып жатканын билдирди.

“Бирок бизде экономикалык кырдаал башка. Жаз менен жай айындагы чектөөлөр үчүн өкмөт жарандар менен бизнеске кенемте бере алган жок. Күзүндө болгон окуялардын себептеринин бири да ушул болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий