• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган 692 объектке 1,5 млн сомдон ашык суммага айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында 14-майдан 9-июнга чейин бардыгы 6 миң 425 объект текшерилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, талаптарды аткарбаган 692 объектке жалпы суммасы 1 млн 558 миң 500 сомго айыппул салынган.

"Алардын ичинен Ленин районунда 222 протокол (422 миң 500 сомго айыппул), Октябрь районунда 134 протокол (318 миң сом), Биринчи май районунда 140 протокол (408 миң сом) жана Свердлов районунда 196 протокол (410 миң сом) түзүлгөн. Ошондой эле 1-июндан тартып Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун айдоочуларына санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 40 миң сомдон ашык айыппул салынган", - дейт ал.

Алымкулов шаардык мэриянын максаты ишкерлерге айыппул салуу эмес, коронавирус инфекциясын жеңүү үчүн мындай кадамдарга аргасыздан барып жатканын айтат.

Белгилей кетсек, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2093 учур катталды. Алардын ичинен 409у медицина кызматкери. Илдеттен 1572 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий