• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кемин районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кемин районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин РИИБине мамлекеттик ишканалардын биринин өкүлү арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 20-январынан 3-февралына чейинки убакыт аралыгында Кемин шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги темир люктарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кемин РИИБи тарбынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 39 жаштагы М.Р. жана 59 жаштагы К.К. аттуу жарандар кармалган.

Учурда шектүү шарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий