• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кемин районунун кире беришине стела курулууда — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Кемин районундагы жаңы стеланын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, стелла Бишкек - Чолпон-Ата трассасында орнотулат жана Кемин району менен Тоң районунун ортосундагы чек аранын символу болуп саналат.

"Стелла алгач совет доорунда курулган, бирок убакыттын өтүшү менен айлана-чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн бузуп, бузула баштаган. Ошондуктан, эски конструкцияны демонтаждоо жана жаңы стелланы куруу чечими кабыл алынып, стелланы жаңылоого каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Президенттин өкүлү курулуштун жүрүшүн, колдонулган материалдардын сапатын текшерип, ишти мүмкүн болушунча тезирээк бүткөрүүгө тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий