• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кендирбаева Google`дын өкүлдөрү менен билим берүү процессин санариптештирүүнү илгерилетүү маселесин талкуулады

Билим 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Google компаниясынын өкүлдөрү менен билим берүү процессин санариптештирүүнүн илгерлетүү маселелерин талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Догдуркүл Кендирбаева Google`дын билим берүүдөгү санариптик колдонмолорун пайдаланууга кызыгуусун билдирди.

Министр билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү, башкаруу процесстерин автоматташтыруу, технологиялар аркылуу мугалимдердин потенциалын жогорулатуу боюнча санариптештирүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Google компаниясынын өкүлдөрү министрликтин жетишкендиктерин белгилеп, туруктуу жыйынтыктарга жетишүү үчүн узак мөөнөттүү кызматташууну жактай турганын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий