• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Хорезмде 21 гектар аянтта улуттук парк пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү “Хорезм улуттук паркын түзүү жөнүндөгү” токтом кабыл алды.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги билдиргендей, 21 гектардан ашык аянттагы Хорезм улуттук паркы Ургенч, Ханкин, Хива, Янгибазар жана Хазарасп райондорунда түзүлөт.

Жаратылыш паркы Экология боюнча мамлекеттик комитеттин карамагында болот.

Токтом менен улуттук парк үчүн туруктуу колдонууга берилген жердин, чарба зоналарынын аянты бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий