• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ким жооп берет? 2019-жылы 6-кичирайонго камера коюуга 1,5 млн сом жумшалган, бирок алар иштебей турат

Коом 0

Бишкек, 01.10.21 /Кабар/. Октябрь районунун 6-кичирайонуна видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча долбоор сапатсыз жүргүзүлгөн, деп билдирди “Кабар” агенттигине райондун акиминин орун басары Кубанычбек Айтакунов.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Бишкектин 6-кичирайонуна “Коопсуз кичирайон” долбоорунун алкагында 72 видеобайкоо камералары орнотулган. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнгөн. Милиция кызматкерлери кичирайондогу абалды күнү-түнү онлайн көзөмөлдөп турушары белгиленген. Долбоордун чоң бет ачары уюштурулуп, мэриядан жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан аталган долбоор кичирайонду мурдагыдан дагы коопсуз кылып, бети ачылган кылмыштардын саны көбөйөт деп ишендиришкен. Бирок, кийинчерээк видеобайкоо камералары тез эле иштебей калганы белгилүү болуп, Октябрь райондук акимиаты 10 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечүүгө убада берген.

Бирок, көйгөй алда канча терең экенин белгилүү болот.

Айтакуновдун атымында, “Профи Центр” ЖЧК тарабынан долбоор начар аткарылган. «Була-оптикалык кабель техникалык жактан туура эмес коюлган. Баары бири-бири менен байланышта болгондуктан, сызыктар тегерек бойдон созулат, эгер бир жерде зыян болсо, анда бир нече видеокамералар дароо иштен чыккан. Аларды орнотуу начар жана этиятсыз жүргүзүлгөндүктөн электр булактары, хабдар жана башкалар бузулган», - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Айтакунов эгер алар оңдобосо, сотко берип, кара тизмеге киргизерин айтты.

“Профи Центр” ЖЧК кемчиликтерди качан оңдой турганы белгисиз. Сапатсыз ишке ашырылган долбоорго ким жооп берет, анткени кабыл алуу актысына кол коюлган. 2019-жылы 72 камераны орнотууга жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнгөн, эми акимдин орун басарынын айтымында 4 гана видеобайкоо камерасы иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий