• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КИМК башчысы коронавирус менен ооругандар дарыланып жаткан Аскердик госпиталга барды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (КР КИМК) төрагасы полковник Эрлис Тердикбев КР КИМК аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы полковник Жоомарт Токторалиев менен коронавирус менен ооругандар дарыланып жаткан КР КИМК аскердик госпиталында болушту. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыдыруу учурунда Аскер госпиталынын башчысы майор Канат Кыдыралиев учурда госпиталда КР күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, КР Куралдуу Күчтөрүнүн кызматчылары жана пенсионерлери, ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлиги жиберген жарандар дарыланып жаткандыгын айтты. Бүгүнкү күнгө COVID-19 жана пневмония менен ооругандар дарыланып жатышат, алардын үчөө кайра жандандыруу бөлүмүндө.

2020-жылдын 1-февралынан бери аскердик госпиталда 1500 адам обсервациядан өтсө, 19-июндан бери 253 адам айыгып чыкты.

КР КИМК аскердик госпиталы дары-дармектер, керектүү шаймандар менен камсыздалган, анын арсеналында 2 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты жана 15 кычкылтек концентраты бар. Ошол эле учурда, кычкылтек концентраттары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган жана өткөрүлүп берилген.

COVID-19 менен күрөшүүгө госпиталдын өздүк курамынын 60% медициналык кызматкерлери тартылган, алар КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кошумча акы алышат.

Коргоо ведомствосунун башчысы өз кезегинде дарыгерлерге көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бейтаптар менен сүйлөшүп, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Пикир

Оставить комментарий