• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Киров суу сактагычынын жээгинен бир адамдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-октябрда болжол менен саат 18:51лер чамасында “102” кызматына суу сактагычтын жанында эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий