• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча 01:58де Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 5,5 баллга жакын жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Кан-Коргон айылында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилди.

"Ушул эле күнү саат 02:34тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, жер титирөөнүн күчү Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий