• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулуктагы мунай базасындагы жарылуу. 8 күжүрмөн эсеп тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында мунай базасынан чыккан өрттү өчүрүүгө 8 кужүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, №8 ӨКБдан 1, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп кошумча тартылды. Учурда жалпысынан жеринде 8 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү аракетин көрүүдө.

Белгилей кетсек, Сокулук районунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында нефтебазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, буга чейин өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу өрт өчүрүп жатышкан.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 4 адам ар кандай күйүк алып, Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилгенин кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий