• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Сүйүнбек Касмамбетов Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 20-июнда, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Шахин Мустафаев Түрк академиясынын ишмердүүлүгү, анын ичинде Кыргызстанга байланыштуу иш-чаралар менен илимий долбоорлор тууралуу маалымат берди. Атап өтсөк, 19-26-июнь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан жана онго жакын мамлекеттен отуздай жаш окумуштуу катышкан Жаш түркологдордун жайкы мектебине токтолду.

Өз кезегинде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Эл аралык Түрк академиясынын жасаган иштери менен жакындан кабардар экендигин белгилеп, мындан аркы иштерине керектүү көмөк бере турганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Шахин Мустафаев Сүйүнбек Касмамбетовго Эл аралык Түрк академиясы тарабынан жарыяланган Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун китебин тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий