• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Китепкана, музей жана искусство мектеби. Сүлүктү шаарына маданият борбору салынат

Аймак 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарына маданият борбору салынат. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына таянсак, 2022-2035-жылдары Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында шаарга маданият борборун салууга 46 млн сом бөлүп берүү долбоору жактырылган.

"2023-жылдын аягына чейин шаардык маданият бөлүмү, шаардык китепкана, музей жана искусство мектеби жаркыраган жаңы имаратка ээ болот", - деп кошумчалады Сүлүктүнүн мэри.

Пикир

Оставить комментарий