• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жарыктын өчүшү. Чек ара кызматынын уруксаты менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Орто-Боз айылдарында жарык бериле элек.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керек. Уруксат берилсе гана, кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин баштоого даяр турат.

Эскерте кетсек, 27-январда кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлгөн.

Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр.

Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.

Учурда башка аймактарда эч кандай өчүрүүлөр жок, баардык райондор “Ошэлектр” ишканасынын көзөмөлүндө жана райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий