• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

28-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бугүн, 28-январда Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Талас облусунда +5…+10, Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын облусунда -1…-6 градус болору күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы +8…+10, градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий