• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ башчысы министрликтин жалпы жамаатын Жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 30-декабры күнү КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда (ЦУКС) Бишкек жана Ош шаарларын кошуу менен онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов министрликтин жалпы жамаатын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Жакындап кирип келе жаткан жаңы жылыбыз элибизге жакшылыкты, аманчылыкты жана молчулукту алып келсин. Жаңы жылда алдыга койгон ой-максат тилектериңиздер кабыл болуп, ишиңиздерде ийгиликтер боло берсин. Өтүп бара жаткан жыл биздин министрлик үчүн оңой жана жеңил жылдардан болгон жок, ошол көптөгөн кыйынчылыктарды, өзгөчө кырдаалдарды өз убагында ыкчам жоюуп, элибиздин коопсуздугуна ар бир кызматкердин, Сиздердин кошкон салымыңар чоң экендигин баса белгилеп кетем.

Сиздердин тынымсыз жасаган эмгегиңерди, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү ишиңиздерди баалап, ар бириңиздерге чың ден соолук, узун өмүр, ар бир үй-бүлөдө ынтымак орноп, жакын адамдарыңыздар аман болуп, бакубат өмүр сүрүшүнө тилектешмин.

Жаңы 2018-жыл жаңы үмүт-тилектерди ишке ашырган, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзгөн, жаңы ийгиликтерге, аска-зоодой бийиктиктерге үндөгөн, Ала-Тоолуу кыргыз жергесине тынчтыктын жана ынтымактын нурун төккөн, элибизге токчулук тартуулаган ак жолтой жылдардан болсун!"- деди К. Боронов.

Пикир

Оставить комментарий