• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги 8 талапты аткарды

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бажы биримдигинин техникалык регламентинин 10 талабынын сегизин аткарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда Бажы биримдигинин бардык техрегламенттери күчүнө кирет.

“ӨКМ тарабынан ББнын алкагында 10 техникалык регламент аткарылышы керек. Дагы экөө калды. Биринчиси - өрт коопсуздугу боюнча импорттолуучу товарларды текшерүүлөргө тиешелүү. Экинчиси - өрт сыноо лабораториялары. Эгерде бул регламент күчүнө кирсе, анда курулуп жаткан бардык имараттар, жардыруучу каражаттар жана курулуш материалдары биздин лабораториядан өтүшү керек болот. Мындай лабораторияны алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Каражат да бөлүнгөн”, - деп билдирди ал.

Ахматов кошумчалагандай, жакынкы убакта лаборатория алуу үчүн алар Москвага сапар тартышат.

“Мурда биз Кытай менен Казакстанда болдук жана биздин кызматкерлер окуудан өтүштү”, -деп кошумчалады ал.

ӨКМ башчысынын орун басары баса белгилегендей, бул багыттагы иштер жыл аягына чейин жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий