• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Быйыл 10 айда турак жай секторунда дээрлик 1 миң 300 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өлкөдө 2 миң 45 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 299 турак жай секторунда, 239 өрт транспорт, унаа токтотуучу жайларда (11,7%), кампаларда жана соода жайларда - 109 (5,3%) жана 95 өрт (4, 6%) ачык аянтта катталган.

Өрт кырсыктардын негизги үлүшү турак жай секторунда болот.

Кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;
  • от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Пикир

Оставить комментарий