• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Маалыматка ылайык, өрт кечки саат 17:32лер чамасында өчүрүлгөн, учурда канча аянт күйүп кеткендигин тактоо иштери жүрүүдө.

"Кабар" агенттигине күбөлөрдүн бири билдиргендей, өрт каптаган көп кабаттуу үй жакында эле курулган.

Пикир

Оставить комментарий